Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Өзгөн: жер көчкү астында алты үй-бүлө калды


Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү астында алты үй-бүлө мүчөлөрү калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жер көчкү басып калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын 11 балдар экени айтылууда. Он бир баланын бешөө мектеп жашына чейинки, алтоо окуучу болгон.

Айыл тургундарынын “Азаттыктын” кабарчысына билдиришинче, булардын ичинен бир үй-бүлө кооптуу жердеги үйүн бүтүп, көчүп барганына 10 күн гана болгон.

Учурда кырсык болгон жерде 182 куткаруучу иштеп жатат.

Алар жер көчкү баскан аймакты тазалоо жана адамдарды издөө, куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары Ош облусунан дарыгерлер барып, кырсыкка учурагандын жакындарына жардам көрсөтүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү баскан аймак жашоочуларына коопсуз жайга көчүү боюнча быйыл март айында эскертүүлөр берилгенин билдирүүдө.(BkA/YI)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG