Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Өзгөн: кырсык кесепетин жоюу боюнча штаб түзүлдү


Бүгүн эртең менен жер көчкү 24 адамды басып калган Өзгөн районунун Аюу айылында оперативдүү штаб иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, оперативдүү штабды өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жетектеп жатат. Учурда издөө ишине 400дөн ашуун адам катышууда. Азырынча жер көчкү алдында калган адамдар табыла элек.

Министр Боронов аталган айылдагы кооптуу жерде турган 30 үй-бүлө башка жерлерге көчүрүлөрүн билдирди.

Кырсык болгон жерге Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев барды.

Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калды. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын 11 жаш балдар.(BkA/YI)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG