Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Өзгөн: көчкүдө калгандарды издөө иштери убактылуу токтотулду


29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган.
29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган.

Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкү басып калган 24 адамды издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, аталган айылга түндө кыламык кар түшүп, жер суу, баткак болгондуктан издөө кыйынчылык туудурууда.

Учурда кырсыкта каза болгондордун жакындары менен сүйлөшүп, издөө иштерин биротоло токтотуп, көчкү түшкөн жерди мазар - көрүстөн катары калтыруу сунуштары да болуп жатат.

“Эгер каза болгондордун жакындары макул болушса, мындай сунушту ойлонуп көрөбүз” - деди Каримов.

Азыр кырсык жериндеги куткаруучулар көчкү түшкөн жерден суу агып өтчүдөй нук кылып казып жатышат. Көчкү түшкөн жердин жогору жагына суу топтолуп, айылды каптоо коркунучу жаралган.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын тогузу балдар.(YI/BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG