Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Рим папасы Корей жарым аралындагы абалга тынчсызданды


Папа Франциск.
Папа Франциск.

Рим папасы Франциск АКШ менен Түндүк Кореянын мамилесин мындан ары курчутпоо үчүн үчүнчү өлкөлөрдү ортомчу болууга чакырды. Бул тууралуу Рим папасы Египеттен Ватиканга келаткан учакта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Понтифик Корей жарым аралындагы абал согушка жетсе “жалпы адамзатка зыяны тиерин” белгиледи.

Рим папасы АКШ президенти баш болгон башка лидерлерди маселенин дипломатиялык жолун издөөгө чакырып, жаралган кырдаал “адамзат келечегине” байланыштуу экенин белгиледи.

"Бардык лидерлерди бул маселени дипломатиялык жол менен чечүүнүн үстүнөн иштөөгө чакыргам жана дагы да чакырам” - деди Папа Франциск.

Түндүк Корея баллистикалык рекаталарын сыноону улантканга байланыштуу Корей жарым аралында абал курчуп турат.

Соңку апталарда Вашингтон Пхеньянга анын өзөктүк программларына байланыштуу бир катар эскертүүлөрдү жасап, аны менен бирге аскерий аракеттерди да четке какпай келген.

АКШ эл аралык коомчулукту, анын ичинде Кытайды Түндүк Кореяга чараны күчөтүүгө чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG