Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Француз президенти Макронду колдоого чакырды


Франсуа Олланд.
Франсуа Олланд.

Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олланд 7-майда өтчү президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жарандарды Эммануэль Макронго добуш берүүгө чакырды. Ишембиде өткөн Евробиримдиктин саммитинен соң сүйлөп жатып Олланд шайлоочулар евроинтеграциянын тарапкери болгон центрист Макронду колдоо менен Франция жана Европа алдындагы милдетин аткарат деп билдирди.

Францияда 23-декабрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында центрист Эммануэль Макрон менен ашкере оңчул “Улуттук фронттун” лидери Марин Ле Пен чыккан. Макрон Ле Пенден үч пайыз гана алдыда.

Акыркы сурамжылоолор боюнча Макронду шайлоочулардын 50-60 пайызы колдойт деп болжолдонсо, Ле Пенге 40 пайызга жакын француздар добуш берет деген божомол айтылууда.

Ишембиде Ле Пен президенттикке талапкерлердин бири, шайлоонун алгачкы айлампасында 4,7 пайыз алган евроскептик Николя Дюпон - Эньян менен тандем түзгөнүн жарыялады. Тандем шартына ылайык, Лен Пен президенттикке шайланса, Дюпон-Эньян премьер-министрликке дайындалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG