Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Кореяда кабарсыз кеткен кыргызстандык байланышка чыкты


Түштүк Кореяда 2015-жылдан бери дайынсыз кеткен 46 жаштагы Улан Ашиев жакындары менен байланышка чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Сеулдагы консулу Нурзат Саякбек кызы кабарлады. Ал апасы менен телефон аркылуу байланышып, аман-эсен экенин айткан.

Буга чейин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинен аталган жаран изделип жатканын билдиришкен. Кореяга 2004-жылы барган Ашиев акыр ирет 2015-жылы август айында жакындары менен сүйлөшкөндөн тарта дайынсыз экени айтылган.

Түштүк Кореянын Улуттук полиция агенттиги, Иммиграция кызматы Ашиевдин өлкөдөн чыгып кетпегенин жана мыйзам бузуп камалгандар тизмесинде жок экенин билдиришкен эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG