Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Түркмөн президенти мыкты чабандес аталды


Гурбангулы Бердымухаммедов.
Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов түркмөн аргымагынын күнүнө арналган 28-апрелдеги ат чабышта жеңүүчү аталды. Ат чабышка түркмөн лидеринен башка өлкөнүн беш дубаны жана борбор калаа Ашхабаддан келген алты тажрыбайлуу чабандес катышты. Президент Мирас деген күлүгү менен биринчи келип, жолтандабас автоунаага ээ болгонун мамлекеттик телеканалдар байма-бай көрсөтүштү. Бул күлүктү ат чабышка Бердымухамедовдун небереси Керимгулы таптаган.

Байгеге алган жолтандабастын ачкычын Гурбангулы Бердымухаммедов айыл чарба боюнча вице-премьерге берип, аны өлкөдөгү жылкы баккандардын керегине жаратууну тапшырды.

Түркмөнстанда апрел айынын акыркы жекшембиси ахалтекин аргымагынын күнү катары белгиленет. Бул майрам жыл сайын өтө шаң менен майрамдалат.

Президент Бердымухаммедов аргымактар тууралуу бир нече китеп жазып, өзү да ат чабыштарга катышып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG