Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Стамбулда ирандык оппозициячыл журналисти өлтүрүп кетишти


Саид Каримян.
Саид Каримян.

Түркиянын Стамбул шаарында перс тилдүү Gem TV каналынын негиздөөчүсү Саид Каримян өлтүрүлдү. Маалыматка караганда, Каримянды Стамбулдагы Маслак районунда кувейттик ишкер менен жолугуп жаткан учурунда атып кетишкен. Түрк полициясы бул окуя боюнча иликтөө башталганын билдирди.

Каримянды Иран мамлекетине каршы пропаганда таратты деген айып менен иран соту алты жылга сыртынан соттогон.

Gem TV тобу 2006-жылы Дубайда негизделген. Анын сайтында перс, күрт, азери жана араб тилдериндеги берүүлөр бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG