Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

1-майга карата аба ырайы


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Чукул билдирүү:

1-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облутарынын тоо этектеринде жаан карга айланат.

Аба ырайы:

Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19;

Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5.

Бишкекте күндүз маал-маалы менен жаан жаайт, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6, күндүзгү жогорку температурасы 16…18 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG