Кыргызстандын жарандарына 2-майдан тарта биометрикалык паспорт бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, документтин коргоо белгилери эл аралык талаптарга жооп берет.
Аталган паспорт адамдын тек-жайын ырастоочу электрондук маалыматтарды камтып, колдонуу чөйрөсү кеңейтилет. Сыртынан азыркы ID картага окшогон электрондук паспорттун ичинде атайын чип болот. Жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы сыяктуу 19 маалымат ошол чипке камтылат.
Биринчи жолу алып жаткан бардык жарандарга бул документ жыл аягына чейин акысыз берилет.
Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2014-жылы башталган.(SE)
Facebook шеринеси