Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Ашхабадда "Борбор Азия - Жапония" диалогу өтүүдө


2012-жылы Токиодо өткөн жолугушуу.
2012-жылы Токиодо өткөн жолугушуу.

Түркмөнстан башкалаасы - Ашхабадда "Борбор Азия - Жапония" диалогу өтүп жатат. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги иш-чара 30-апрелде башталды. Негизги талкуулар 1-майга белгиленген. Ага Кыргызстандан министр Эрлан Абдылдаев баштаган делегация катышат.

Расмий маалыматка караганда, чогулуштун өзөгүн аймактык коопсуздук маселеси түзөт. Андан тышкары, диалогдун келечектеги ишмердиги талкууланып, жыйынтыгында Кызматташуу жол картасы боюнча бирдиктүү баяндама жасалат.

Жыйын алкагында Эрлан Абдылдаев Борбор Азия мамлекеттериндеги кесиптештери жана жапон тышкы иштер министри Фумио Кишида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

"Борбор Азия - Жапония диалогу" алгач 2004-жылы Токиодо уюштурулган. Андан бери алты мамлекетте кезеги менен өтүп келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG