Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Трамп киберчабуулду Кытай уюштурушу ыктымалдыгын кыйытты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп өткөн жылы Демократтарга жасалган хакердик чабуулду Кытай деле уюштурушу ыктымалдыгын кыйытты.

"Эгер силер хакерди кармай албасаңар, анда баары жакшы, киберчабуулду ким жасаганын айтуу өтө кыйын. Ал Кытай деле болушу мүмкүн, же башка түрдүү топтор болушу мүмкүн", дейт АКШ президенти 30-апрелде CBS телеканалына курган маеги учурунда.

Мурда АКШ чалгын кызматтары өткөн жылкы шайлоо учурунда Демократ талапкер Хиллари Клинтондун штабына жасалган киберчабуулдарды Кремль уюштурган деп бүтүм чыгарган.

Москва айыптоолорду четке кагып келет.

Трамп дагы чалгын кызматтарынын маалыматына ишенбестигин билдирип келген. Бирок инаугурациясынын алдында атайын кызматтардын биргелешкен маалыматынан кийин ал киберчабуулга байланыштуу, "менимче, ал Орусия болгон" деген эле. Ошол эле учурда хакерлер анын жеңишине өбөлгө болушпаганын да билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG