Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Кыргыз-тажик чек арасында 7 баллга жеткен жер титиреди


3-майдагы жер титирөөдөн 215 үйдө майда жаракалар пайда болду.
3-майдагы жер титирөөдөн 215 үйдө майда жаракалар пайда болду.

Сейсмология институту билдиргендей, бүгүн саат 11.09да Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда 7 балл болгон жер титирөө катталды. Анын очогу Тажикстандын аймагында орун алды. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 балл, Баткен шаарында 4-4,5 балл, Ош шаарында 3 балл сезилген. ӨКМ кыйроолор боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Буга удаа эле саат 11:15те жер титирөө кайталанып, күчү очогунда 5 баллга жетти. Анын очогу кыргыз-тажик чек арасында, Алай тоо кыркаларында, Алга айылынан 30 чакырым түндүк-батышты, Кара-Тейит айылынан 30 чакырым түндүк-батышты, Карамык айылынан 35, Баткен шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Силкинүү Кара-Тейит, Карамык, Алга айылдарында 4 балл, Баткенде 2,5-3 балл байкалды.

Саат 11.25те да 4.5 баллдык жер титирөө катталып, анын очогу Тажикстандын аймагында жайгашты. Сейсмология институту саат 12:38де бул аймакта 5 баллдык жер титирөө кайталанганын кабарлады.

3-майдан бери ушуну менен кыргыз-тажик чек арасы тарапта ондон ашык силкинүү болуп, алардын биринин күчү 7 баллды түзгөн. Силкинүүдөн Ош облусунун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга кептелди. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG