Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Чотонов: Бизди айыптаган күбөлөр көрсөтмөсүн ачык берсин


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов соттун ачык жана кыргыз тилинде өтүүсүн талап кылып жатышат. Ушу тапта Биринчи Май райондук сотунда башталган отурумда алар каршы көрсөтмө берген күбөлөрдү сотко сөзсүз катыштырууну да суранышты.

-Үч ай ичинде бизди коррупционер деп айтып келаткандар ошол сөзүн ушул жерге келип элдин алдында ачык айтсын, - деди Чотонов.

УКМКнын тергөө абагында февралдын этегинен бери камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Текебаевдин тарапкерлери ага карата козголгон ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева быйыл 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып көзөмөл органы саясатка аралашпай турганын билдирген. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шернияздын суроосуна жооп берип жатып ал прокуратура мыйзам чегинде иштээрин, кылмыш иш аныкталган маалыматтардын негизинде козголоорун, бул иште саясат жоктугун айткан.

Текебаевге карата кылмыш иш Орусия жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде козголгон болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG