Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Мэр Ош шаарындагы арматура заводу көчүрүлөрүн билдирди


Ош шаары. Арматура заводунун ишини нааразы болуп митингге чыккандар.
Ош шаары. Арматура заводунун ишини нааразы болуп митингге чыккандар.

Ош шаарынын Жапалак айылынын четинде жайгашкан арматура заводунун ишмердигине каршы болгон 100дөй киши 11-августта митингге чыгышты.

Акцияга чыккандардын бири Анар Айбашова завод экологиялык талаптарды сактабай жатканын айтты.

"Заводдун түтүнүнөн дем алууга болбой калды. Балам жакында эле жүрөгүнөн операция болуп келди. Мындай абал башкаларда да болууда. Бул улана берсе биздин жаш балдарыбыздын ден соолугу эмне болот", - деди Айбашова.

Чогулгандар менен Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов жолукту. Ал тургундар менен чогуу заводдун ичине кирип чыкты. Андан соң арматура заводго башка аймактан жер берерин убада кылды.

Арматура заводун "Хонда компани" компаниясы иштетет. Заводду 2016-жылы кыргыз-кытай ишкерлери ачкан. Ишканада 100дөй кызматкер эмгектенет. Алардын 20% кытайлыктар болсо, калган 80% жергиликтүү тургундар түзөт. (MrA)

Ош: арматура заводунун айланасындагы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG