Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

ЖМК: Ооганстандан Тажикстан менен Өзбекстанга 60тан ашык каттам учту


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстандын Tulu TV телеканалы 15-августка караган түнү Ооганстандан Тажикстан менен Өзбекстанга 45 аба каттам аткарылып, ал эми 16-августта Тажикстанга 18 рейс жасалганын кабарлады.

Бирок телеканал маалыматтын булагын көрсөткөн эмес.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги жеке булактар 16-августка караган түнү үч учак жана эки тик учак менен 143 ооган аскери учуп келгенин ырастады. Аталган учактар менен тик учактар жүргүнчүлөрүн таштап, кайра кайтканын Тажикстандын тышкы иштер министрлиги кабарлаган.

Ал эми Өзбекстан Сурхандария облусунун аймагында чек араны бузуп өтүүгө аракет жасаган маалда Ооганстандын аскер аба күчтөрүнө таандык учак атып түшүрүлгөнүн ырастады.

Борбор калаа Кабул алынган соң расмий кызмат адамдары менен аскерлер Ооганстандан качып чыгып жатканы кабарланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG