Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Орусия менен Казакстандын өкмөт башчылары Кыргызстанга келди


Казакстандын премьер-министри Аскар Маминди Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев тосуп алды. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.
Казакстандын премьер-министри Аскар Маминди Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев тосуп алды. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышуу максатында Кыргызстанга келди. Алардын учактары Ысык-Көлдөгү "Тамчы" эл аралык аэропортуна бүгүн, 19-августта, түштөн кийин конду.

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустинди энергетика министри Доскул Бекмурзаев, Казакстандын премьер-министри Аскар Маминди инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов тосуп алды. Аларды президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев коштоп жүрдү.

Буга чейин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Беларустун премьер-министри Роман Головниченко келди.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке(ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити болот.
Жыйынга Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.

Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышат.

Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG