Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Кыргыз-орус ишкерлеринин форумунда 13 документке кол коюлду


Артем Новиков кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес-форумунда. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.
Артем Новиков кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес-форумунда. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес-форумунда 13 келишим жана меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков журналисттерге билдирди.

Анын ичинде "Орусия экспорттоо борбору", Евразия өнүктүрүү банкы, "Росэксимбанк", Текстиль-Транс" жана башка ишканалар менен жетишилген келишимдер бар.

Новиков макулдашууларга ылайык, насыяны рубль менен каржылоо, пайыздык коюмдарды төмөндөтүү, насыяны кайтаруу мөөнөтүн узартуу жана башка жеңилдиктерге жетишилгенин кошумчалады.

"Росэксимбанк" менен келишимдин негизинде Орусия менен соода-сатыкты доллар менен катар эле рубль менен да жүргүзүү үчүн жаңы линия ачуу максат кылынууда. Биздин фонд "Орусиянын экспорт борбору" менен да келишим түздү. Документ бул борбордун айрым функцияларын Кыргызстанга берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт", - деди Новиков.

Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес-форумунда ири ишканалардан тышкары жергиликтүү ишкерлер да өз ара түрдүү келишимдерди түзгөнү кабарланды.

Кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес-форуму Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында болуп өттү. Ага эки тараптан ири ишканалардын жетекчилери, ишкерлер, расмий адамдар катышты.

Кыргызстан менен Орусия ЕАЭБге мүчө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG