Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Саясатчы Жеңиш Молдокматовду №47 колонияга которушту


Жеңиш Молдокматов жана Эрлан Бекчоро уулу. 2021-жылдын 5-августу.
Жеңиш Молдокматов жана Эрлан Бекчоро уулу. 2021-жылдын 5-августу.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов ден соолугуна байланыштуу бүгүн 19-августта борбор калаадагы №47 колонияга которулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын жардамчысы Эрлан Бекчоро уулу билдирип, буга чейин доктурлардын аны дарылоо керектиги тууралуу корутундусу чыкканын айтты:

“Бир жумадан бери ар кандай шылтоо менен которбой жатышкан. Биз адвокат аркылуу да кайрылып жатып 47-колонияга которулду. Хирург сөзсүз операция жасоо керектигин айткан. Колониянын же алар өзүлөрү сунуш кылган дарыгерине биз ишенбейбиз. Өзүбүз гана дарылатып, операция жасатарыбызды айттык. Булар кайсы оорукананы айтсак, ошол жакка жеткирип берерин билдирип жатышат”.

"Туран" партиясынын лидери Молдокматов 5-августта 12 күндүк ачкачылыгын тарапташтарынын өтүнүчү менен токтоткон. Ошол күнү ал Бишкектеги Кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өткөн.

№1 тергөө абагына Молдокматовду Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан 4-августта которушкан.

Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган.

Молдокматов президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап, камалышын саясий куугунтук катары баалап келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG