Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Бишкек, Ош жана Токмокто мэр шайланды

Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда мэр болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү добуш берди.

Ош шаардык кеңеши жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетовду мэр кылып шайлады. Ага 45 депутаттын 43ү макулдугун берип, экөө каршы добуш беришти.

Токмок шаарынын мэри болуп Урмат Самаев шайланды. Ага шаардык кеңештин 19 депутаты добуш берген. Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулу 11 добуш алган.

Добуш берүүгө 31 депутаттын 30у катышты. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн. Депутаттар чогулбай, кворум жок болуп, добуш берүү дээрлик үч саат кечигип башталды.

Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и "Эмгекке", тогузу "Ата-Журт Кыргызстанга", сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген.

Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.

Токмокто "Бирге-Вместе" партиясына тогуз, "Эмгекке" сегиз, "Асыл Мурас-Жаштарга" беш, "Патриот Ынтымагына" беш жана "Эл Биримдигине" төрт мандат тийген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Ош шаардык кеңеши мэрди шайлоодо.

Бишкектеги талапкер Жунушалиев президент Садыр Жапаров саясий иштерге, шайлоого административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, эскертүү бергенин, бир дагы саясий партияда мүчө болбогонун жана андай ою жок экенин, Бишкекте бизнес кызыкчылыгы жоктугун айтты.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG