Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

Аба ырайы: шашылыш кабар


26-28-март күндөрү жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоо боорундагы жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот, айдоочулар 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

Бул күндөрү нөшөрлөп катуу жааган жаандан айрым аймактарда сел жүрүшү ыктымал.

26-мартта Кыргызстанда маал-маалы менен жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. Тоолуу аймактарда унаа жолдор тайгак, тоңголок болот. Шамал батыштан согуп ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10 градус жылуу.
Тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Бишкекте 26-мартта маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +5... +7, күндүз +10...+12 градус жылуу болот. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG