Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

"Фукусима Дайичинин" плутоний сакталчу кампасына доо кеткени жоромолдонууда


Жапониянын жер титирөөдөн жабыркаган "Фукусима Дайичи" өзөктүк кубат ишканасынын үчүнчү реакторунун муздатуучу системасын калыбына келтирүү иштери токтотулду. Өкмөт мындай чарага муздаткыч системаны оңдоп жаткан жумушчулар күтүлгөндөн 10 миң эсе көп нурланганы аныкталгандан кийин барды.

25-мартта Өзөктүк кубат жана өнөр жай коопсуздугу агенттигинин башчысы Хидехико Нишияма: "Ушул тапта үчүнчү реактордун иштетилген отуну (плутоний) сакталчу кампа зыян тартты го деген кооптонуу күчөөдө. Радиоактивдүү суулар ошол жактан келген деп ойлойбуз", - деп билдирди.

Күбөлөр 11-марттагы зилзала жана андан кийинки топон суудан (цунамиден) кийин "Фукусима Дайичи" өзөктүк кубат ишканасында болгон жардырууда плутоний сакталчу кампа тешилген го деп кооптонуп жатышкан.

Жапон өкмөтү "Фукусима Дайичи" өзөктүк кубат ишканасынын атырабындагы адамдарды там-жайларын таштап, башка жакка убактылуу кетүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG