Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Йемен президенти Сали бийликтен кетүүгө даяр


25-мартта Йемендин президенти Али Абдулла Сали өлкөдө кан төгүүлөрдү болтурбоо үчүн бийликти өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Бирок ал бийлик ишенимдүү колго - убактылуу өкмөткө өткөрүлөрүн эскертип, жаштарга кайрылды:

- Биз жаштарды маданиятка, саясатка, социалдык турмушка жана экономикага болгон көз караштарын билдирүүгө үндөйбүз. Биз диалогго жана өз ара түшүнүүчүлүккө даярбыз. Алар Жарандык блокко жетеленбей өз партиясын, жаштар партиясын түзүшү керек.

Йемендин борбору Санаада миңдеген анти-өкмөтчүлөр жана Салинин колдоочулары эки башка демонстрация өткөрүшүүдө. 18-мартт ушундай эле демонстрация маалында коопсуздук күчтөрү менен кагылышта 50дөй киши өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG