Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Сирия да толкуганы турат


Сирияда оппозиция активисттери элди 25-марттагы жума намаздан кийин “адилетсиз жана зулум” бийликке каршы жаңы демонстрацияга чыгууга чакырды. Мындай катты “Фэйсбуук” социалдык түйүнүндө “Сирия ыңкылабы-2010” деген топ 78 миң адамга жөнөттү.

Апта башында Сириянын түштүгүндөгү анти-өкмөттүк демонстрация учурунда бир нече кишинин каны төгүлгөн. 24-мартта башкаруучу БААС партиясы 1963-жылы киргизилген чукул кырдаал жөнүндөгү мыйзамды алып салуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө макулдук берген. Бийлик ошондой эле жумушчулардын маянасы көбөйтүлөрүн, саясый партияларды каттоо жеңилдетилерин, маалымат каражаттарын чектөө азайтылып, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрүн маалымдаган.

XS
SM
MD
LG