Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Парламент мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча комиссия түздү


Жогорку Кеңештин 25-марттагы отурумунда айрым депутаттардын демилгеси менен мамлекеттик символикаларды өзгөртүү маселесин караган комиссия түзүү тууралуу токтом кабыл алынды. Ага ылайык, бул комиссия мамлекеттик гимнди жана желекти өзгөртүү, же өзгөртпөө маселесин талдап чыгууга тийиш. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган комиссиянын курамына парламенттеги ар бир фракциядан үчтөн депутат, жарандык коомдун өкүлдөрү, илимпоз жана коомдук ишмерлер кирет. Мындан тышкары бул иштерге мамлекеттик символикалардын авторлору да катышмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG