Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

«Кумтөр» боюнча келишимди кайра кароо маселеси талкууланууда


Жети-Өгүз районунун Тамга айылында «Эл ырыскысы - элге» деген ат менен өтүп жаткан жыйында Кыргызстан менен “Центерра Голд Инк” компаниясынын ортосундагы «Кумтөр» боюнча келишимди кайра кароо маселеси талкууга алынууда. Бир катар жергиликтүү тургундар бул жол менен алтын кендеги Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү сунуштарын айтышууда. Иш-чаранын уюштуруучусу, «Эл ырыскысы - элге» уюмунун мүчөсү Самат Алиевдин «Азаттыктын» кабарчысына билдиришинче, бул жыйындын аягында алардын талабын билдирген атайын резолиция кабыл алынып, ал Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилмекчи.

Жыйынга жергиликтүү тургундар менен катар Жогорку Кеңештин депутаттары Карганбек Самаков, Жоомарт Сапарбаев, мурдагы спикер Мукар Чолпонбаев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Кумтөр алтын кени боюнча акыркы макулдашууну кайра кароого жүйөө жок деп билдирген болчу. Кыргызстан “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан “Центтера” компаниясынын отуз үч пайыз акциясына ээлик кылат. Кыргызстан “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан “Центерра” компаниясынын отуз үч пайыз акциясына ээлик кылат. (EBu/KKs)

XS
SM
MD
LG