Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Ливиялык козглоңчулар Аждабия шаарын кайра ээледи


Аждабия шаары ливиялык оппозициянын бешиги болгон Бенгазинин батышында жайгашкан. Бенгазини өз көзөмөлүнө өткөрүүгө аракеттенген Каддафинин аскерий күчтөрү бул шаарды өткөн жумада козголоңчулардан тартып алган.

Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы эл аралык коалициянын аскерий операциялары башталганына эки жумага аяк басты. Ливиянын саламаттык сактоо министри Халед Омар эл аралык күчтөрдүн соккусунан 114 киши өлгөнүн билдирип, алардын канчасы полиция же аскерлер экендигин ачыктаган жок.

Ливиядагы Каддафинин бийлигине каршы cокку урган эл аралык коалицияда негизги жүктү АКШ, Британия жана Франциянын аба күчтөрү тартууда.

XS
SM
MD
LG