Германиянын чоң шаарларында эки жүз миңден ашуун киши атомдук электр станцияларын колдонууга каршы митингге чыкты. Жапониянын «Фукусима-1» атомдук станциясындагы кырсыктан кийин Германияда өзөктүк кубат өнөр жайы саясий маселеге айланды. Ал тургай ал бүгүн өтө турган аймактык шайлоого дагы таасирин тийгизет деген сөздөр айтылууда.