Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Ош мэриясы Мекен ырларына сынак жарыялады


Ош шаардык мэриясы аймакта 2011-жылдын «Улуттар аралык мамилени чыңдоо жылы» деп жарыяланганына байланыштуу Мекенди даңазалаган ырлар жана мыкты аткаруучулар үчүн сынак өткөрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, сынакка Кыргызстандын бардык аймактарындагы жарандар катыша алат. Алардын улутуна, жаш өзгөчөлүгүнө чек коюлбайт. Ош шаардык мэриясы уюштуруп жаткан бул сынак Мекенди даңазалаган ырларды жайылтуу менен эл арасындагы ырга жөндөмдүү адамдардын талантын ачуу болуп саналат. Сынак 20-апрелге чейин созулуп, баш байгеге автоунаа, кийинки орундарга акчалай сыйлыктар коюлган. (KKs)

XS
SM
MD
LG