Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Караколдо асыл тукум малдардын көргөзмөсү болду


Каракол шаарындагы мал базарда асыл тукум малдардын көргөзмөсү уюштурулуп, ага элүүгө жакын фермерлер, малдын асылдуулугун арттыруучу чарбалар катышышты. Бул көргөзмөгө кой, жылкы жана уйдун асыл тукум түрлөрү көрсөтүлдү. Уюштуруучулардын билдиришинче, буш иш-чара мал-жандыктардын сапатын өстүрүү жана ушул тармакта ийгиликтүү иш алып бара жаткан фермерлер менен тажрыйба бөлүшүү максатында өттү. Көргөзмөгө асыл тукум өстүргөн үч ферма жана малдын асылдуулугуна кызыккан үч миңге жакын жергиликтүү тургундар келишишти. Аталган көргөзмө “Компаньон” каржылык тобу тарабынан уюштурулуп, мындай иш-чаралар Нарын, Ош жана Талас областтарында да өткөрүлмөкчү. (ErB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG