Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

«Фукусима-1» АЭСинде радиациянын өлчөмү өсүүдө


Жапония -- Доктурлар бул кызда радиациянын белгилелери бар-жок экенин текшерүүдө, 21-март.
Жапония -- Доктурлар бул кызда радиациянын белгилелери бар-жок экенин текшерүүдө, 21-март.

Жапониянын түндүк-чыгышындагы «Фукусима-1» атомдук станциясында жана ага жакын аймактагы радиациянын деңгээли өсүүдө.

Станциянын 2-энергобөлүгүндө радиациянын деңгээли 10 млн. эсе жогорулаганы катталып, ал жерде иштеп жаткандар коопсуз жерге чыгарылды. Суудагы радиациянын өлчөмү кадимки абалына салыштырганда 1850 эсе жогорулады.

Жапониядан келген маалыматтарга таянсак, реактордон чыккан суудагы радиациялык уулануунун күчү 1000 миллизивертти (мЗв) түзөөрү аныкталды.

Эгер адам бир жолу 5000 мЗв, же узак мезгил ичинде 350 мЗв нурлануу алса - өлүмгө алып келет. Маселен, Чернобылдагы радиациянын деңгээли 350 мЗвтен өткөндөн кийин жергиликтүү тургундар башка жакка көчүрүлгөн.

«Токио Электр ишканасы» радиациянын жогорулашына реактордун активдүү бөлүгүндөгү катмардын жабыркашы себеп болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Бирок азырынча адистердин расмий бүтүмү жок.

Жекшембиде Токиодо өткөн маалымат жыйында Жапониянын атом жана өндүрүштүк коопсуздук агенттигинин башчысы Хидехико Нишияма (Hidehiko Nishiyama) «Мен буга чейин радиациянын деңгээли 1250 эсе жогору экенин айткам. Азыр 1850гө жетти. Албетте мудагы көрсөткүч азыркыга караганда бир аз төмөнүрөөк болчу. Учурдагы абалды алсак, эффективдүүлүгү боюнча бул эки көрсөткүчтүн анча деле чоң айырмасы жок», деп айтты.

Ишембиде «Фукусима-1» станциясына жакын океанда радиоактивдешкен йоддун өлчөмү кадимки абалынан 125 эсе көп экендиги аныкталган. Ченөө деңиз жээгинен 300 метр аралыктагы радиациялык талаада жүргүзүлгөн.

Жапон бийликтери океанда радиациянын деңгээли 7-8 күндө баштапкы калыбына келет деп ишендирүүдө. Адистердин пикиринде, бул мезгилде йод жарым жартылай сууда ажырап кетет.

Эл аралык Атом энергетикасы боюнча агенттиктин башчысы Юкия Амано (Yukiya Amano) "Фукуcимадагы" кырсык бардык жагынан алганда өтө коркунучтуу экенин, «азырынча анын аягы көрүнө» электигин айтты. Агенттик Жапонияда жүргөн кызматкерлеринин санын көбөйтүп, "Фукусима" өзөктүк станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу бир нече айга созулаарын билдирүүдө.

Тамак-аш коопсуздугу чоң суроого айланды. Жапондуктар океандагы балык менен деңиз азыктарын пайдаланууга болобу, же жокпу деген эки анжы ойдо турушат. Белгилүү болгондой жапондуктардын күндөлүк тамак-ашын дал ушул азык-түлүктөр түзөт.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри "Фукусимага" жакын аймакта балык кармоого болбостугун эскертти.

Жапониядан тамак-аш сатып алган өлкөлөр ар кандай чектөөлөрдү киргизүүдө. Сингапур, Гонконг жапон жашылча-жемишин алууга тыюу салса, ага Орусия, АКШ, Евробиримдик, Австралия да кошулду.

11-мартта Жапонияда 9 баллдык зилзала менен топон суудан кийин "Фукусима" атомдук станциясында жарылуу болгон. Жаратылыш кырсыгынан 10 миңден ашуун киши набыт болуп, 16 миңден ашуун киши дайынсыз.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG