Ишембиде бюджеттик кыскартуулар боюнча каршылык акциясына чыккандар Лондондун борбордук Пикадилли көчөсүндө бир нече дүкөн, банктарды талкалашты. Өкмөткө каршы митингге өлкөнүн бардык тарабынан келишкен. Британ профсоюздарынын конгресси каршылык иш-чараларына күтүлгөндөн эки эсе көп, 250 миңден ашуун киши катышканын билдирди.