Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү жанданды


Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймактарында талаштуу жерлер арбын.
Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймактарында талаштуу жерлер арбын.

Эки өлкө чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия Баткенде эки күн мурда узак тыныгуудан кийинки отурумуна чогулду.

Кыргызстан жалпысынан Тажикстан менен 970 чакырым чектешип турса, анын 700 чакырымга жакыны Баткен облусунда. Бул өлкө менен чектешкен 437 чакырым тактала элек тилке да ушул аймакта. Демек Тажикстан менен чек арадагы талаш аймактын дээрлик бөлүгү Баткен облусунда десе болчудай. Эки өлкөнүн буга чейин такталган чек ара тилкелери калк жашабаган тоолуу аймактар. Тактала элек бөлүктүн баары калк жыш жашаган жерлерде, талаш жараткан жерлер азыр шарттуу чек ара боюнча турат.

Созулган иш соңуна качан чыгат?

Чек аралардын ушул күнгө чейин такталбаганы кошуна эки элдин ортсунда ар кандай тирешүүлөрдү пайда кылып, так чечим кабыл алынбай калууда. Мындай такталбаган жерлердин айынан Баткен районунда эле 46 жер чырлуу катары белгиленип келет. Чек арадагы чыр-чатактар жыл сайын айрыкча жаз алды менен башталат. Мындай учур өткөн жумада эле Кара деген жерде катталды. Кыргыз тарап тажик атуулдары Кыргызстан аймагына 300 метрдей кирип келип, 1 гектардай аянтка бак отургузганын, аны кыргыз тарап жулуп салууга аргасыз болгонун айтууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын аныктоо иштери башталганына он жылдай убакыт болуп калды. Бирок тараптар ошондон бери чек араны тактоонун укуктук негиздери, тактап айтканда кайсы жылдагы карта менен иш жүргүзүү боюнча орток пикир таба электиги айтылып келген. Ошондон улам бул иштер солгундагандан солгундап отуруп, соңку жылдары токтоп калган. Ага бир чети Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал да себеп болду.

Ошентип узак тыныгуудан кийин 25-мартта кыргыз-тажик чек араларын аныктоочу паритеттик комиссия Лейлек районунда бир жумага созула турган ишин баштады. Баткен облустук бийлигинин тартип коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев бул сүйлөшүүлөр мындан ары токтобой улана берсе эле аз-аздан болосо да маселе жеңилдей берет деген пикирде:

- Бул белгиленген иш чарада Лейлек районунун аймагындагы чек ара тилкелерин аныктоо, тактоо, далилдөө боюнча иш жүрүшү керек. Жумшчу топтун иштөө мөөнөтү бир жумага белгиленген.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарынын такталып, бир бүтүмгө келинген 237 чакырымы негизинен калк жашабаган аймактар. А эл жашаган жерлерде али чек араны тактоого киришүү да кыйын болуп турат, анткени эки өлкө жарандары бири-бирин аймагына өтүп кеткен, аны тактоо өтө эле оор болууда, дейт париттетик комиссиянын мүчөсү Абдиназар Эргешов:

- Көптөгөн талаш-тартыштар бар. Кээ бир жерде биз Тажикстандын аймагына кирип кетсек, тажик тарап биздин аймакка андан да көп кирип кеткен жерлер бар. Азыр биз СССР учурундагы, 1958-жылкы карта боюнча чек ара тилкесин кармап турабыз. Мындайча айтканда, шарттуу чек араны гана кармап турабыз.

Лейлектеги талаш жерлердин тагдыры каралууда

Чек араны тактоо боюнча бул сүйлөшүүдө кыргыз тобун өкмөттүн чек араларды делмитициялоо жана чек аралаш аймактарды өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров жетектөөдө. Анда негизинен Лейлек районундагы талаш аймактардын маселеси каралмакчы.

Район акиминин орун басары Абдували Хамраев бул аймакта кошуналар 640 гектар аянтка кирип келип, азыр эми ушул жер талаштуу болуп калганын айтат:

- Чек арада көп маселелер чечилбей турат да. Талаш боюнча турат 640 гектар жерибиз. Төмөнкү Кулунду жана Жаңы-Жер айыл округунун аймагында эле 115 чакырымга созулган тилкеде 225 гектар жерибизди да талашып турабыз азыр.

Жергиликтүү серепчилер болсо кошуна тараптан Кыргызстанды көздөй жылма миграция улам күчөп бараткан азыркыдай шартта чек ара тактоо иштерин тездетүү зарылдыгын айтышууда. Алардын пикиринде, эгер чек аралар такталса кошуна эки элди чыр-чатактарга алып келип жаткан жер талаш маселесине да чекит коюлмак.

XS
SM
MD
LG