Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Каддафинин аскерлерин козголоңчулар артка сүрүүдө


Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин аскерлери козголоңчулардан артка чегинип жатканы жана Батыш башындагы коалициясынын аба күчтөрү колдогон козголоңчулар Ливиянын чыгышындагы бардык негизги мунай терминалдарын көзөмөлдөп калганы маалымдалууда.

Соңку маалыматтар боюнча, козголоңчулар батышты көздөй жылууда. Эл аралык аба күчтөр Каддафинин киндик каны тамган Сирте шаарына өткөн түнү сокку урган. Жекшемби күнү түн ортосуна чукул өлкө борбору Триполиде жардыруулар болгон.

АКШ коргоо министри Роберт Гэйтс америкалык сыналгыга курган маегинде Лондондо 29-мартта болчу эл аралык жыйында Каддафинин 40 жыл узактан берки башкаруусуна чекит койуу боюнча саясий стратегия талкууланаарын айтты.

XS
SM
MD
LG