Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

УКМК MegaCom жана Байболовдор тууралуу билдирүү таратты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн MegaCom уюлдук маркасы катары таанымал “Альфа Телеком” ишканасы боюнча иликтөө-тергөө иштери жана башкы прокурордун жубайы Нуржамал Байболованын буга чейинки билдирүүлөрү туурасында маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, УКМК “Альфа Телекомго” байланыштуу тергөө иштеринде башкы прокурордун тууганы мыйзам чегинде суракка алынып атканы, мында саясий негиз жоктугу айтылат.

Буга чейин Н.Байболова айрым маалымат каражаттары аркылуу анын Broodmaster-Bishkek ишканасын жетектеген жакын тууганын УКМК суракка алып атканын, ал “Сарамжал транс” ишканасына кыймылсыз мүлк сатканы үчүн айыпталып атканын, бул иш-чара башкы прокурорго каршы багытталганын айтып чыккан.

“Альфа Телеком” боюнча иликтөө иштеринде “Сарамжал транс” ишканасы “Альфа Телекомго” кымбат баада кыймылсыз мүлк сатканы, “Сарамжал транс” аны өз кезегинде Broodmaster-Bishkek ишканасынан сатып алганы, ал эми ал ишкана башкы прокурор Кубатбек Байболовдун тууганы экени айтылган.

Президент Роза Отунбаева “Альфа Телекомдогу” чатак ырбап атканына байланыштуу УКМК алдында мекемелер аралык тергөө тобун түзгөн. Учурда бул ишканага байланыштуу “көз бойомочулук”, “ишканадан мыйзамсыз негизде көп суммадагы акча чыгаруу”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “жасалма документтерди колдонуу”, “коркутуу жолу менен ишканадан акча өндүрүү” деген сыяктуу кылмыш иштери иликтенүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG