Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

Тегеранда үч президенттин сүйлөшүүлөрү өттү


Түркмөнстан жана Тажикстан президенттери Ирандын лидери Махмуд Ахмадинежад менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Ахмадинежад менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрүндө Иран Тажикстанга "Сангутуда-2" ГЭСинин курулушун аягына чыгарууга жардам берери айтылган. Тажик президенти Эмомали Рахмон белгилегендей, бул ГЭС быйыл өлкө көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын белгилегенге чейин электр кубатын бере баштайт деген үмүт бар. Ал эми түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун иран президенти Махмуд Ахмадинежад менен жолугушуусунда эки тараптуу алаканы чыңдоо, ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрүндө түркмөн газын Ооганстан аркылуу Пакистанга жана Индияга алып чыгууну караган долбоор талкууланган. Тажик, түркмөн, ооган президенттери Иранга расмий Тегерандын чакыруусу менен Нооруз майрамын белгилөө үчүн барышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG