Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

К.Бакиевдин адвокатынын талабы четке кагылды


Бүгүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган бир катар мурдагы чиновниктерге каршы козголгон 7-апрель окуясына байланыштуу кылмыш ишин кароо уланып, соттук кеңешме айыпталуучу К.Бакиевдин адвокаты Ирина Камарданын доо арызын четке какты.

Сот процесси маалында адвокат И.Камарда айыпталуучулардын укугу бузулууда деген негизде соттук кароого төрагалык кылып аткан судья Дамир Оңолбековду алмаштырууну талап кылган. Эми сот процесси эртең уланмакчы.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги Спорт ордосунда жүрүп, 30-ноябрдын таңында бул имараттын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG