Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Мамакеев: Түрмөдө отургандар ур-токмокко алынбайт


Түрмө иштери боюнча атайын прокурор Кубан Мамакеев “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүнкү күнү түрмөлөрдө жаза өтөп аткандарга карата бир дагы кыйноо же ур-токмокко алуу фактылары жок жана нааразы болгондордун “сабоого алышууда” дегендери негизсиз.

Ошондой эле ал эки күндөн бери Жогорку Кеңештин алдына чыгып аткан адамдардын айрым өкүлдөрү менен жолугушканын, алардын конкреттүү талаптары жок экендигинин, кээ бирлери “бийликтегилер Камчы Көлбаев менен сүйлөшүп, аны түрмөдөгү ачкачылыкты токтотууга тартсын” деген сыяктуу талаптарды айтышканын билдирди. К.Мамакеевдин айтымында, бир дагы мамлекеттик түзүм бул сыяктуу кадамдарга барбайт жана кылмыш дүйнөсүндө аты таанымал адам менен бул маселелерди талкуулабайт.

К.Мамакеевдин пикиринде, түрмөлөрдөгү ачкачылык акциялары жана парламенттин алдында өтүп аткан нааразычылык чаралары кызыкдар адамдар тарабынан кылдат уюштурулган нерселер. (IJz)

XS
SM
MD
LG