Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Салижан Шарипов: Космос жашообузду өзгөрттү


Салижан Шарипов
Салижан Шарипов

Быйыл адамзаттын космоско учканына 12-апрелде элүү жыл толот. Бул маанилүү окуяга байланыштуу Кыргызстандан чыккан туңгуч космонавт, Кыргыз эл баатыры жана Орусиянын баатыры Салижан Шарипов Кыргызстанга келип, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Салижан Шарипов 27-мартта Ош облусунун эли менен жолугушса, кийинки күнү Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде болуп, студенттер менен баарлашты.

Шарипов менен космонавттар, Орусиянын жана Советтер Союзунун баатырлары Анатолий Березовый, Юрий Лончаков жана Юрий Онуфриенко кошо жүрөт.

Салижан Шарипов "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди.


- Быйыл космонавт Юрий Гагариндин космоско учканына 50 жыл толуптур. Космосту ачкан 50 жылда адамзат кандай чоң секириктерди жасады, эмнелерге жетише алды?

- Бул суроо боюнча мен көп сөз кылышым мүмкүн. Биз бүгүнкү күндө жашообуз канчалык өзгөргөнүн көрүп, түшүнүп жатабыз. Маселен телефон, сыналгы жана башка бизди курчап турган көп нерселер космосто болгон иштин натыйжасы десек болот.

Элүү жыл анчалык деле көп убакыт эмес. Бирок элүү жылдын ичинде биз чоң жетишкендиктерге жеттик. Менин оюмча алдыдагы 10-20 жылда дагы көп, тез өзгөрүүлөр болот. Интернетти да көрүп жатабыз. Он беш жыл мурда интернет деген эмне экенин ойлош кыйын болчу. Азыр болсо кадимкидей эле нерсе болуп калды.

Юрий Гагарин, 12-апрель, 1961-жыл
- Азыр технология аябай өнүккөн заман эмеспи. Кыргызстан өлкөнүн өнүгүүсү жана мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо үчүн космосту пайдаланууга кудурети жетеби? Балким кыргыз өкмөтүнө бул өңүттө сиздин сунуштарыңыз бардыр?

- Азыркы күндө космос аркылуу пайда болгон көп нерселерди Кыргызстан колдонуп жатат. Менимче эгер биздин жетекчилер, башчылар бул жаатта билимди өркүндөтүүгө жана иштетүүгө кызыкса чоң пайда болмок. Жаңы билим эч убакта жамандыкка алып барбайт. Бул адамдарды байытат, адамдардын көз карашын өзгөрөт жана андан жашоосу жакшырат.

- Сиз Бишкекке келер алдында Ошто болгон экенсиз. Былтыр да июнь коогалаңынан соң келип кеткен элеңиз. Былтыркыдан эмне айырманы байкадыңыз? Элдин маанайы кандай экен?

- Жакшы эле. Мен эл менен жолугуштум, сүйлөштүм. Элдин жашоосу мурдагы учурга кайта баштады. Азыр адамдар "тынчтык болсо, болгон нерселерди унутат элек" деп жатышат.

- 90-жылы Ош коогалаңы болгон эле. Бул жыйырма жылдан кийин кайра кайталанды. Ушундай окуялар дагы кайталанбас үчүн кандай чараларды көрүш керек деп ойлойсуз?

- Эми адамдарда түшүнбөстүк болду. Эч убакта карапайым адамдарды күнөөлүү деп айта албайбыз. Мында кандайдыр бир түшүнбөстүк болду. Мунун себеби келечекте изилденет, билинет. Азыр кандай болгонун айтуу кыйын.

- Азыр эмне менен алектенип жатасыз? Алдыда кандай пландарыңыз бар? Сиздин космонавтика менен жакын арада коштошойун деген ниетиңиз жокпу?

- Аскер адамымын, аскер кызматындамын. Мен быйыл дипломатиялык академияны бүтүрүп жатам. Келечекте адамдарды бириктирип, жакындатып, тынчтыкты орнотуп, ошондой эле мамлекеттерди бири-бири менен жакындатууга аракет кылам деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG