Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

7-апрель окуялары боюнча соттук териштирүү уланат


28-марттагы сот жараянында судья мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Ирина Камарданын доо арызын четке какты. Камарда айыпталуучулардын укугу бузулууда деген негизде соттук кароого төрагалык кылып аткан судья Дамир Оңолбековду алмаштырууну талап кылган.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги Спорт ордосунда жүрүп, 30-ноябрдын таңында бул имараттын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG