Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

“Мунапыс тууралуу” мыйзам долбоор даярдалып бүтүп калды


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” курган маегинде “Мунапыс тууралуу” мыйзам долбоор даярдалып бүтүп калганын, жакынкы күндөрү парламент комитеттерине жөнөтүлөрүн билдирди. Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоор талкуудан өтүп кабыл алынса, биринчи кезекте аялдар, балдар жана жашы өтүп калган адамдар эркиндикке чыгат, дейт Иманалиев. Анын айтымында, киши өлтүргөн жана башка оор кылмыш менен отургандарга негизинен мунапыс берилбейт.

Кыргыз түрмөлөрүндө 25-марттан бери ачкачылык акциясы токтобой жатат. Нааразыланган түрмөдөгүлөрдүн талаптарынын бири – мунапыс берүү экени буга чейин кабарланган. Расмий маалыматка ылайык, абакта 10 миңдей адам бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG