Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына Марат Аманкулов шайланды


Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо өтүп, шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү Марат Аманкуловго добуш беришти. Бишкек мэриясынын маалыматтык бөлүмү билдиргендей, М.Аманкуловго 29 депутат добуш берди. Дагы бир талапкер Мүсүркул Кабылбеков 10 добуш алып, бир бүлүтөн жараксыз абалга келген.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган Марат Аманкулов 41 жашта. Ал Бишкек шаарынын № 4 Ахунбаев аймагы боюнча шаардык кеңешинин депутаты, жеке ишкер. Ага уттуруп жиберген талапкер 52 жаштагы Мүсүркул Кабылбеков “Ди-медиа” ишканасынын жетекчиси, № 9 Күрөңкеев аймагы боюнча шаардык кеңештин дептутаты. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG