Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Ингушетияда 17 жикчи өлтүрүлгөндү кабарланды


Орус бийлиги Ингушетияда атайын операция маалында 17 куралчан киши өлтүрүлүп, экөө колго түшкөнүн маалымдады. Айрым маалыматтарда өлгөндөрдүн арасында чечен жикчилердин лидери Доку Умаров да бар экендиги айтылууда.

Ингушетиянын жетекчиси Юнус-Бек Евкуров «Интерфакс» агенттигине курган маегинде жок кылынгандардын арасында «бир катар баш кесерлер» бардыгын, ал эми Доку Умаровдун өлүмүн тастыктоого атайын иликтөө иштери зарылдыгын айтты.

Орусиялык маалымат агенттиктери жашыруун булактарга таянып Ингушетияда токойдо жок кылынгандардын арасында Умаровдун жакын санаалашы Супян Абдулаев бар болгонун жазууда. «Эгер Абдулаев өлтүрүлсө демек Доку Умаров да жок кылынышы мүмкүн, анткени экөө бири-биринен ажырабай жүрүшчү», деп өзүн атабаган атайын кызматтын өкүлү «Интерфакс» агенттигине билдирген.

XS
SM
MD
LG