Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Жапония "Фукусима" боюнча чукул кырдаалга даярданууда


Жапон бийлиги "Фукусима-1" станциясындагы күтүлбөгөн жаңы жагдайларга даяр экендигин өлкөнүн премьер-министри Наото Кан билдирди. Станцияга чукул жер кыртышында радиоактивдүү плутоний табылды, 26-мартта атомдук реакторлордун биринен чыккан сууда радиациянын деңгээли жогору экендиги аныкталган. Адистер азырынча бул адамдын ден соолугуна зыян келтирбегени менен айлана-чөйрөнүн булгануусу башталганын айтышууда.

Кытай, Түштүк Корея жана АКШда абада радиоактивдүү бөлүкчөлөр бар болгону аныкталганы кабарланды.

Мунун алдында жапон бийлиги "Токио электр ишканасын" (TEPCO) радиациянын деңгээлин аныктоодо кетирген катачылыгы үчүн катуу сындаган эле.

XS
SM
MD
LG