Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Б.Обама Каддафинин күчтөрү токтогонун айтты


Барак Обама Ливиянын лидери өтө алсырап калганын айтып, Муаммар Каддафинин аскердик кампаниясы эл аралык күчтөрдүн аракети менен токтогондугун билдирди.

Дүйшөмбүдө Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Б.Обама Муаммар Каддафи өз бийлигин сактап калуу аракетинде оппозициялык маанайдагыларга зомбулук баштаганда эл аралык күчтөргө АКШ дагы кошулгандыгын айтты.

Ал АКШ эл аралык өнөктөштөрү менен 40 жылдан ашуун бийликте турган Муаммар Каддафиге басым жасоону уланта берерин дагы кошумчалады.

Бирок Обама Каддафинин бийлигин кулатуу үчүн түздөн-түз күч колдонбостугун баса белгилеп, АКШ Ирак сыяктуу дагы бир өлкөдөгү бийлик алмашууга катышууга кызыкдар эмес деп айтты.

Ливиядагы эл аралык күчтөргө НАТО жетекчилик кылып, Франция, Британия менен АКШ активдүү роль ойноодо.

XS
SM
MD
LG