Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Нарында суу каптоонун кесепеттери иликтенүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев билдирди. Ат-Башы районундагы Ак-Моюн жана Ак-Муз айылдарында суу каптап кеткен аймактагы арыктар ыктыярдуу топтун жардамы менен тазаланды. Учурда суу каптоонун кесепеттерин аталган министрлик департаментинин өкүлдөрү иликтөөдө. Министрдин айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 14 миң кооптуу жер бар. Каражаттын тартыштыгынан улам алардын бардыгын алдын алууга мүмкүн болбой жатат. Ушул жылы 485 кооптуу жайларга иш жүргүзүү пландалган.

Кечээ (29-мартта) “Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы Ат-Башы районундагы Ак-Моюн жана Ак-Муз айылдарында 161 үйдү суу каптап кеткенин кабарлаган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG