Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Аныкталбай жаткан сөөктөрдүн ДНК анализи Кытайда текшерилет


Бул тууралуу 29-мартта июнь коогасында каза болгондордун жакындары менен жолугушуу учурунда саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы Кытай Кыргызстандын сунушун туура кабыл алганын “Азаттыкка” кабарлады. Министрлик учурда кимдиги аныкталбаган сөөктөрдү чогултуу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жакындарынан айрылган жана жараат алгандар коогалаңда каза болгондорго "Кыргызстан баатыры" наамын берип, компенсациялык төлөм менен пособие бөлүү маселесин айтышты. Жолугушууга катышкан Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков "Баатыр" наамын берүү маселеси президент, өкмөт жана парламент тарабынан чечилерин айтты. Ал эми социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулованын айтымында, июнь коогасында каза болгон жана майып болгон балдарга ай сайын 3100 сомдон жөлөк пул төлөнөт.

Июнь коогасында каза болгондордун жакындары бийликтен ДНК анализин тездетүүнү сурап келишет. Буга чейин анализдерди аныктоо иштери Москвада жүргүзүлүп, 23 сөөктүн үчөө гана аныкталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG