Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Банктардан табылган акчанын 2100 доллары жасалма болгон


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев белгиледи. Жалпысынан 7-апрелден соң «Бакай», «Манас», «АУБ» банктарындагы кутучалардан 21 млн. 600 миң доллар жана 31 миңден ашуун евро, 2 миллион сомдой каражат табылган. Алардын эки миң доллардан ашууну жасалма болуп чыккан. Акчалар Улуттук банкта сакталып турган. Убактылуу өкмөттүн эки декретинин негизинде 1 млн. 999 миң доллар, андан кийин 5 млн. доллар алынып, анын 4 млн. ашууну кайра кайтарылып берилген. Комитет төрагасы Акылбек Жапаров каражатка байланыштуу талаштуу маселелерди депутаттык топ иликтеп жатканын белгиледи. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG