Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Бишкекте биолаборатория курууга каршы пикет өтүп жатат


Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинин алдында Көк-Жар, 12-кичи райондорунун тургундары, студенттер жана укук коргоочулар болуп элүүгө жакын адам пикет өткөрүүдө. “Таза табигат” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, алар Бишкекке биологиялык лаборатория курууга каршы болушууда. Учурда аталган университетте канадалык өкүлдөрдүн катышуусунда ушул маселе талкууланып, ал жабык өтүүдө. Пикетке чыккандар “Кыргызстанды экинчи Фукусимага айлантпайлы”, “Канада, мындай жардам кереги жок!” деген жазууларды көтөрүп алышкан. Укук коргоочулар Кыргызстанда биолаборатория курулса, курал-жарак жасалышы мүмкүн деп, өлкө коопсуздугуна шек келээрин белгилеп жатышат. Ошондой эле 2008-жылы кол коюлган бул келишим мыйзамга туура келбей турганын, Конституциянын бир топ беренелерине каршы келерин (48-берененин 2-бөлүмү, 40-берене 1-бөлүк, 20-берене) белгилешүүдө.

“Келишимге мурдагы вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев 22-августта кол койгон. Анда лабораториянын айынан жабыркаган жарандар сотко кайрылууга укугу жок деп жазылган”, - дейт Анара Дауталиева. (КЕ)

XS
SM
MD
LG