Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Телефон тыңшоолордун мыйзамдуулугу текшерилет


Башкы прокуратура тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана жеке адамдардын телефондорун тыңшоонун мыйзамдуулугун текшерет. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаев тастыктады. “Кыргызстандын Баш мыйзамында ар бир адамдын жашоого, кат алышууга, телефондук жана башка сүйлөшүүлөргө, почта, телеграф жана электрондук маалыматтарды алууга укугу бар деп жазылат. Бул укуктар соттун чечими менен гана алынып салынат”, - деп жазылган Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Телефону тыңшалып жатканын ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да 25-мартта парламентте айткан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG